Адат укугу

Википедия дан

Адат укугу – салт түрүндө колдонуп келген адат нормаларынын жана жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы. Адат укугу алгачкы жамаат коому бузулуп, жеке менчик келип чыккан мезгилде пайда болгон. Адат укугу эл урууларга бөлүнүп жашаган коомго мүнөздүү. Адат укумунун нормалары коомдун шарттарына жараша өзгөрүп ыңгайлашып турат. ХIХ кылымдын орто ченине чейин кыргыздарда Адат укугу колдонулган, кийинчерээк Россия империясынын мыйзамдары менен катар шарияттын эрежелери да укуктук негизде болуп келген (айып, кун, барымта, калың, көп аял алуучулук ж. б.). Кыргыздарда Адат укугунун булактары болуп: адат, салт, бийлердин бүтүмү, бийлер тобунун жоболору эсептелген.
Октябрь революциясынан кийин Адат укугу нормалары зыяндуу феодалдык калдык деп эсептелип, мыйзам жүзүндө жокко чыгарылган. Адат укугунун колдонгондорго кылмыш жоопкерчилиги белгиленген. Кыргыз журтчулугу Адат укугунун жакшы жактарын сактап калышкан. Калк башына күн түшүп, оор саясий-экономикалык кыйынчылыктар мезгилинде оор абалдан чыгып кетишине ыңгайланыштырылган Адат укуктары (уруунун ичиндеги ынтымак, бирине-бири жөлөк болуу, каны бир туугандардын биригиши, аксакалдардын соту ж. б.) бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б