Адашуу

Википедия дан

Адашуужарандык укукта колдонулуучу аталгы; бүтүмгө катышкан жактын бүтүм тууралуу туура эмес түшүнүк алгандыгын билдирет. Адашкан адамдын эрки бүтүм үчүн өтө маанилүү болгон жагдайларды туура эмес түшүнүүнүн таасири астында калыптанат. Ал эрк жетишсиздигинен улам түзүлгөн бүтүм катары каралып, Адашуунун айынан аракеттенген тараптын доосу боюнча, андай бүтүмдөр жараксыз деп табылат. Адашуу бүтүм катышуучулары менен гана байланыштуу болбостон, күтүлбөгөн жагдайлардан улам да чыгышы мүмкүн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]