Адмиралтейство

Википедия дан

Адмиралтейство - 1) 17-19-кылым Франция, Нидерланд, Испания жана башка өлкөлөрдөгү аскердеңиз күчтөрүн башкаруучу жана командачылык кылуучу жогорку орган. Учурда адмиралтейство Улуу Британияда гана сакталып калган. Ал 1690-ж. негизделип, 1869-жылдан адмиралтействонун биринчи лорду жетектейт (ал ошол эле учурда деңиз иштери боюнча министрдин да кызматын аткарат); 2) Санкт-Петербургдагы имарат; орус империясынын эң көрүнүктүү эстелиги. Ал Петр 1нин өзүнүн чиймеси боюнча Балтика деңизинде Неванын жээгине биринчи орус кеме куруучу верфи катары 1704-ж. салынган. 1711-ж. башкы фасаддын ортосуна шпили менен мунара тургузулган. 1732-38-ж. таш менен кайра курган кезде (арх. И. К. Коробов) мунаранын бийиктиги72 мге жетип, шаардын архитектуралык композициясынын ролун күчөткөн. 1806-23-ж. арх. А. Д. Захаровдун долбоору боюнча П-түрүндөгү планды сактоо менен чоң курулуштар тургузулган. Анын скульптуралык кооздук жасалгаларын В. И. Демут-Малиновский, Ф. Ф. Щедрин, И. И. Теребенёв, С. С. Пименов жана башкаларды аткарышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында имарат жабыркаган, 194556-ж. калыбына келтирилген (архитектор В. И. Пилявский, скульптор Я. А. Троупянский, худ. В. И. Щербакова). Адмиралтейство ансамбли Санкт-Петербургдун санжыргаларынын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1