Ажиматов Нурдин

Википедия дан

Ажиматов Нурдин 1923-жылы Сузак районунун Ачы айылында туулган.

  • 1931-1939-жылдары жети жылдык билим алган.
  • 1939-1941-жылдары Ош шаарындагы 2 жылдык атайын бухгалтердик окуу жайын бүтүргөн.
  • 1942-жылдын октябрь айында Улуу Ата Мекендик согушка кетип, 1-гвардиялык десанттык дивизиянын 13-аткычтар полкунда кызмат кылып, оор жарадар болуп, 1944-жылы декабрь айында мекенине кайтып келген.
  • Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи баскычтагы ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
  • Согуштан келгенден кийин “Жаңы-Күч”, “Ленин Жол” колхоздорунда, “Дружба” совхозунда эсепчи, кампачы, бригадир жана башка кызматтарда эмгектенип, 1979-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
  • 1980-1983-жылдары Ж. Бөкөнбаев атындагы Октябрь балдар үйүндө көмөкчү чарбанын башчысы болуп эмгектенген.
  • 1989-1994-жылдары “Көк-Арт” борбордук мечитин түптөөгө, курулуп бүтүшүнө абдан чоң салымын кошкон.
  • 1998-жылы 14-октябрда дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3