Ажыкан

Википедия дан

Ажыкан"Манас" эпосундагы кейипкер, Тазбайматтын атасы, шайык. Манас баатыр ооруп жатканда Каныкей Ажыбайды кабарга жөнөтүп жатып, А-га да кабар бер дейт (Саякбай Каралаев, 2. 234). Манас дүйнөдөн өтөрүндө «Ажыкан уулу Баймат таз, Ыйман айтчы кашыма» (Саякбай Каралаев, 2. 146),— деп Тазбайматка кайрылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4