Ажымоолук жөнүндө уламыш

Википедия дан

Ажымоолук жөнүндө уламыш - Коңурбай өзү даап бара албай, кыргыздардын үшүн алып туруу үчүн өтө тээжик, барып турган кежир, нары жыгыл десе бери жыгылган, эч нерсеге тойбогон соргок Ажымоолук дегенди «бурут деген тигил жакта, сен тойсоң ошол жактан бир тоёсуң» деп алдап жөнөтүп жиберген. Ал алдынан чыккандын, көзүнө көрүнгөндүн баарын жалмап олтуруп Ат-Башы өрөөнүнө келип жетет. Анда бугу-марал, эчки-теке, аркар-кулжа, кулан-жылкы жана башкалар аңдар мекендеп, эл-журт жок ээн жер экен. Ошондо Ажымоолук тоодой эт чогултуп аны шишкебек кылуу үчүн токойду эки көтөрүп, КараКоюн суусунун жээгиндеги тал-терек токойду бир көтөрүп келип бышырып жей берет. Каргыш тийген жалгыз көз кайберендин этинен орто тоют болгончо кактап жеп, анан суусаганда Ат-Башынын суусун көл кылам деп бир күрөк топуракты суунун нугуна ыргытыптыр. Олокосу жок неме топуракты жаза ыргытып, суу тосулбай ал топурак ошол бойдон калыптыр. Бул Чеч-Дөбө. Анын бийиктиги 200, узуну 5000, туурасы 1500 лдей. Ошондо жини келген Ажымоолук Ат-Башынын суусун аттайм дегенде тайгаланып жыгылып, буту сынып, ошондон өлүптүр. Ал өлүп бара жатып «Аттиң, бейажал кеттим. Ат-Башынын күн чыгыш жаккы тоосунда эки көтөрүм, суунун жээгинде бир көтөрүм токой калып калды» деп жалгыз көзү жумулуптур. Ошондуктан, Ат-Башы тоосунун батыш жагы менен Кара-Коюн өрөөнүндө токой өспөйт. "Манас" эпосунда Ажымоолук тууралуу маалымат жолукпайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4