Ажы ("Манас" эпосу)

Википедия дан

Ажы ("Манас" эпосу) (арабча хадж)— ислам дининде Мекеге барып зыярат кылуу жана ошо зыярат кылып келген адамга берилген наам. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас алтымыш жашка келгенче бала көрбөй арман кылып, Мекеге барууну ойлойт, Каныкей боюнда бар экендигин айтып аны токтотот. Каныкей төрөп, Семетей үч жашка келгенде, Манас ажыга жөнөйт. Аны менен Алмамбет, Сыргак, Токотой кошо барат. Манастын Мекеге кетиши, анын жогунан пайдаланган Коңурбайдан жеңилишине себеп болгон. АЖЫ — "Манас" эпосундагы кейипкер, ооган Ажыбайдын атасы, Түлкүнүн бир тууганы экендиги гана айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 70, 83, 126).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4