Азирет

Википедия дан

Азирет, Азирет Али (арабча хазрет — улуу урматтуу, улуу даражалуу, касиеттүү, ыйык, кучтуу башчы) — кудай аталышына, пайгамбардын, имамдардын, таанымал ыйыктардын ысымдарына кошуп айтыла турган ардактуу наам, мартаба.

түшүнүгү Саякбай Каралаевдин вариантында жолугат. Манастын бабалары тууралуу бөлүмдө Каракан өлгөндөн кийин Алооке баштаган калмак, кытай баскынчыларынын кыргыздарга кол салып, көрсөткөн кордугу баяндалат. Зордук-зомбулукка чыдабаган, намыскөй кыргыздар Акбалта, Жакып баш болуп калмак менен кармашууга бел байлап жоого каршы аттанышат. Бул жерде А-ке сыйынуу адаты төмөндөгүчө берилет:

Аттанууга камынып,

Азирет деп жалынып,

Жай-жарагын шайланып,

Жоо кылычын байланып (Саякбай Каралаев, 1. 31).

Кыргыздардын диний уламыштарында көбүнчө Азирет Алинин ысмы менен байланыштырылат (Азирети Алинин кылычы — күн желеси). Али ибн Аби Талиб (биздин замандын 7-к.) — такыба халифтердин төртүнчүсү, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы жана күйөө баласы (Фатиманын жубайы), исламдын бир агымын туткан шейиттердин ыйык жол башчысы, башкы пайгамбары. А. көптөгөн жеңиштүү согуштарды башынан өткөргөн, кийин душмандардын колунан кайгылуу өлүмгө дуушар болуп, анын сөөгү коюлган көрүстөн — бейит шейиттер сыйына турган ыйык жайга айланат. Кыргыздардын кээде Азирет Алиге сыйынып калуусунун себеби жоокерчилик доор менен шартталышы ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4