Азоналуулук

Википедия дан

Азоналуулук (а... жана гр. zone - алкак, зона) белгилүү бир аймакта зоналуулук закон ченеминен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуштун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфоструктурасына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыртыштын жана органикалык дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1