Азракиттер

Википедия дан

Азракиттер - харижиттердин эң катаал жана келишпес секталарынын бири. Ага Нафи ибн аль Азрек (685-ж. курман болгон) негиз салган. 7-кылымдын экинчи жарымында халифатта харижиттердин көтөрүлүшү тез-тез болуп турган, алардын айрымдары (мисалы, Ирак менен Иранда) ондогон жылдарга созулган. Алар кулдарды боштондукка чыгаруучулар жана эзүүдөгүлөрдү коргоочу катарында чыгышкан. Азракиттердин көтөрүлүшү 697-ж. талкаланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1