Азык-түлүк коопсуздук саясаты

Википедия дан

Азык-түлүк коопсуздук саясаты — калкты азык-түлүктүн бардык түрү менен туруктуу камсыз кылууга багытталган экономикалык-уюштуруучулук, технологиялык жана социалдык иш-чараларды камтыган мамлекеттик башкы маселелердин бири. 1996-ж. 17-ноябрда кабыл алынган Рим декларациясына ылайык Кыргызстан дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөсү катары өзүнө «жакырчылыкты, теңсиздикти жоюуга, бардык мезгилде жетишерлик диеталык толук баалуу азык-түлүккө физикалык жана экономикалык жактан ээ болуу жана аны пайдалана алууну камсыз кылууга багытталган саясат жүргүзүү» милдеттенмесин алган. Азык-түлүк коопсуздук саясаты рынокто тамак-аш азыктарынын болушун, тамак-аш азыктары менен туруктуу камсыздоону, алардын коопсуз жана алгылыктуу сапатын, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу өлкөнүн ар бир тургунунун тамак-аш азыктары менен камсыз болушун көздөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1