Азык түлүк кошуундары

Википедия дан

Азык түлүк кошуундары -эгин, азык-түлүктүн башка түрлөрүн даярдоо үчүн 1918–20-ж-нда түзүлгөн.

Бул кошуундарга жумушчулардын, кедей-дыйкандардын ыктыярдууларынан партиялык, сов. уюмдар сунуш кылгандары кабыл алынып, эгиндүү райондорго жөнөтүлгөн. Кийинчерээк Азык түлүк кошуундары РСФСР Азык-түлүк Эл Комиссариатынын Бирдиктүү азык-түлүк реквизиция армиясына кошулуп, 1919-ж-дан ички тартип сактоо аскеринин карамагына өттү. Азык түлүк кошуундары тарабынан туруктуу баа м-н сатып алынган же кулактардан тартып алынган эгин мамл-тин карамагына өткөрүлгөн. Түркстан АССРде мындай кошуундарда 1920-ж. 4 миңден ашык киши иштеген. Эгин даярдоо м-н саясий-агартуу иштерин да жүргүзүшкөн. Кыргызстандын айрым ра-йондорунда мамл-ке эгин даярдоодо, азык-түлүк саясатын жүргүзүүдө, кедей-дыйкандардын чарбасын уюштурууда, кулактардын ж-а бай-манаптардын каршылыгын жоюуда жарды-жалчы комитеттери м-н бирге көп иштерди аткарган. Азык түлүк кошуундары граждандык согуштан кийин жаңы экон. саясатка өткөндө жоюлган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.