Айбанаттар стили

Википедия дан

АЙБАНАТТАР СТИЛИ – байыркы темир доорунда көркөм өнөрдө кеңири тараган стилдин шарттуу аталышы; сак-массагет, скиф-сармат көчмөн урууларынын сүрөт өнөрүнө өзгөчө мүнөздүү. Археол. илиминде А. с. деп б. з.ч. 1-миң жылдыктагы Евразия чөлкөмүндөгү көчмөн, жарым көчмөн калктардын көркөм өнөрүн атоо кабыл алынган. Монголияда, Алтайда, Түштүк Сибирде, Орто Азияда ж-а Кара Деңиздин түндүгүнө чейин кеңири кездешет. Адамдар реалдуу ж-а мифологиялык айбанаттардын келбеттерин аска-таш бетине, жыгачка, металлга түшүрүшкөн.

А.с-нин келип чыгышы тууралуу мындай делет: адамзаттын келип чыгышын ар кайсы жаныбарларга байланыштырышкан (тотемизм), ошондуктан, байыркы ата-бабанын образын тигил же бул урууда кандайдыр бир жаныбар же кушка жакындаштырышкан. Мис., карышкыр, жолборс, бугу, тоо теке, карга, бүркүт ж. б. ошолорго табынып күч-кайрат, эрк, жардам алууга үмүттөнүшкөн. Кээде алардын келбеттерин жасап, тумарча сыяктуу асынып же ыйык курал катары алып жүрүшкөн. Жаныбарлардын сүрөттөрү, сөлөкөттөрү ритуалдык коло казандарга, курмандык чалынуучу алтарларга, жыттуу нерселер жагылып, жагымдуу жыт тарата турган идиштерге (курильница), чырактарга, атжабдыктарга, кооздук буюмдарга, куралдарга, чопо идиштерге, аска бетине түшүрүлгөн. А. с-не таандык үлгүлөр көбүнчө Кетментөбө өрөөнүнөн табылган.


Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]