Айгүл Бекболотова

Википедия дан

Бекболотова Айгүл (17. 06. 1954, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү кыш.) эколог, биология илимдеринин доктору (2003). Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун бүтүргөн (1976). КР УИАнын Бийик тоолуу физиология жана эксперименттик патология институтунда кенже илимий кызматкер (1976). 1994-97-ж. Тоолуу шартта адамдын жана жаныбарлардын миграциясынын медициналы биологиялык проблемалары боюнча эл аралык лабораторияда илимий кызматкер, ошол эле учурда КМКТАУда окутуучу, 1998-2002-ж. эксперименттик патофизиология лабораториясында илимий кызматкер, 2002-03-ж. лабораториянын жетекчиси, 2003-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы. 80ден ашык илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери негизинен бийик тоо, түрдүү экология стресс шарттарында жана нормалдуу учурда кантамырлардын ички беттеринин, ошондой эле гемостаздын ыңгайлануу функциясынын маңызын ачып көрсөтүүгө арналган. Эмгектери.: Стрессоустойчивость организма в условиях гор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4