Айдап келүү

Википедия дан

Айдап келүү – соттун, прокурордун, тергөөчүнүн чакыруусу боюнча келбей койгон (жүйөлүү себепсиз) айыпталуучу, соттолуучу, шек саналуучу, ошондой эле жабырлануучу, күбө ж. б. адамдардын ички иштер органы тарабынан мажбурлоо жолу менен алынып келинүүсү. Жогоруда аталган жактар жүйөлүү токтом боюнча аныкталган соң, аны аткаруу тийешелүү ички иштер органдарына жөнөтүлөт. А. к. түн мезгилинде жүргүзүлбөйт. Эрезеге жетелек балдар, боюнда бар аялдар, ошондой эле денсоолугуна байланыштуу келалбаган же жайгашкан ордун таштап кеталбаган бейтаптар мажбурлап алып келүүгө жатпайт.

== Колдонулган адабияттар ==