Айдоо аянтынын структурасы

Википедия дан

Айдоо аянтынын структурасы - жалпы айдоо аянтында ар бир айыл чарба өсүмдүгүнө туура келүүчү жер өлчөмүн көрсөтүүчү бирдик. Ал айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистештирилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири. Район, чарба боюнча которуштуруп айдоо жерге жана топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт. Ал туура белгиленсе, жерди үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүлөт. Айдоо аянтынын структурасынын башкы милдети - айдоо бирдигинен жана которуштуруп айдоо аянтынан көп түшүм алуу. Айдоо структурасы ар бир региондун климаттык шартына, жер кыртышынын өзгөчөлүгүнө, чарбанын экономикасына жана техника менен камсыз болушуна жараша түзүлүп, илимий жактан негизделип, айдоо аянтынын структурасы которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жерди дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарба жерин туура уюштуруу жана рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пайдаланууга, механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1