Айдыралиев Сагынбек

Википедия дан

Айдыралиев Сагынбек - ээрчи. 1946-ж. Кочкор районундагы Орток айылында төрөлгөн.

Орто мектепти бүтүп,Орток орто мектебинде кол эмгек мугалими болуп иштейт.Устачылыкты атасынан үйрөнгөн.

Сагынбек ээрди үч ыкмада кармайт: жумуруу ээр, ашатма ээр (бул үч-төрт бөлүктөн турат);курама ээр (бул көп бөлүктөн куралат). Курама ээр кармоого ыкмасы төмөнкүчө: тал, теректи кыйып, андан тактай жасайт. Ээрдин бөлүктөрүнүн үлгүлөрү боюнча тактайларды аралайт. Татаал жерлерин керки менен ийине келтирет. Ээрдин эки босогосун чыгарып, аны жыгач желими менен чаптайт. Андан соң ага тарамыш коет. Арткы шынаасы менен акырында кашын орнотот. Ээрдин бөлүктөрүндө жылкынын жибек тарамышын жана уйдун жумшак тарамышын пайдаланат. Ээрди каптоо үчүн уйдүн жумшак тарамышын жана терисин жыдытат. Жыдытуу үчүн терини шар сууга байлайт же терини төрт бөлүктөп коет. Кышында челекке салып да жыдытат. Терини ээрге чылгай кезинде каптайт. Тери кургайт да ээрди чап кармайт. Сагынбек жумурлантып чапкан ээрин “кучмач” ээр деп атайт. Анын өтө сыйдасын “ак каңкы”дейт. Ээрдин кашын “кыргый моюн”, “бөрү кулак” жана “бүркүт томого” кылып чыгарат. С.Айдыралиев өз өнөрүн окуучуларына үйрөтүүдө.