Айкалыштырылган система

Википедия дан

Айкалыштырылган система курулуш механикасында - ар түрдүү көтөрүү конструкцияларынын биримдиги (мисалы, устун менен асма конструкциялар, жаа өткөөл менен устун жана асмалар). Айкалыштырылган система адатта конструкциялык элементтердин бир бөлүгү. Ал негизинен ийилүүгө жана туурасынан кеткен күчкө, экинчиси чоюулууга жана кысылууга каршы турат. Ошондуктан бир системанын кемчиликтерин аныкталган таасын шартта башкаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен толуктап турат. Айкалыштырылган системага кары менен ферманын, арка менен ферманын, асма конструкция менен карынын, кары менен арканын айкалышынан түзүлгөн конструкциялар кирет. Айкалыштырылган системанын кысуучу жана ийүүчү күч келүүчү элементтери темир-бетондон, ал эми чоюлуучу элементтери өрүлгөн болот зым аркандан жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1