Айланма каражаттар

Википедия дан

Айланма каражаттар - айланма фонддордун жана жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнтмасы. Айланма каражаттарга өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүш, даяр продукция, накта акча каражаты жана эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде айланма каражаттар бир эле учурда өндүрүш чөйрөсүн жана жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында жана түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактарына жараша айланма каражаттар өздүк жана насыя болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1