Айтым күүлөр

Википедия дан

Айтым күүлөр - комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазмунун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат жана тууроо сыяктуу каражаттарды колдонуу менен комуздун жана кыл кыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жомок-дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жантакпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулардын репертуарында жана чыгармаларында (мисалы, Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «Тогуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» ж. б.) Айтым күүлөр негизги орунду ээлеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1