Айчүрөктүн Куялыны алып келиши

Википедия дан

Айчүрөктүн Куялыны алып келиши Күлчоро Сарыбайдан отуз күндүк мөөнөт сурап, бүтөрү менен атаң Желмогуздун кунун төлөп беребиз деп согушту убактылуу токтотот. Муну уккан Айчүрөк Сарыбайды жеңип бере турган шер издеп, бир кезде достошкон курбусу Куялы деген баатыр кызга кайрылат.

Куялы кырк жигиттен кошчу алып, кырк балбаны жол чалып жерин коруп жүргөн алп кыз. Шашкандай түрүң бар, башыңа кыйынчылык түшкөн го деп, иштин жөнүн түшүнөр замат жардамга шашылат. 30 күн мөөнөт бүтүп, баатырлардын кармашы кайрадан башталат. Сарыбай жети атамдын өчү бар, Каныкей менен Айчүрөктү , Буурулду бер, болбосо, «кыргын кылам баарыңды, кыйратамын шаарыңды” — деп опузалайт. Атасынын куну үчүн алты миң төөгө жүк болгудай алтынкүмүш сурайт. Душмандын баскынчы талабына көнбөгөн кыргыз баатырлары Семетей, Күлчоро, Сейтек нечен күн кармашып, акыры Куялы кызга күн түшөт. Куялы Сарыбайды жеңерине көзү жетет, ошон үчүн Семетей мени аялдыкка алса гана кармашам дейт. Семетей көнбөйт. Көрсө, ал Чачыкейден кийин өзү жактырып Айчүрөккө үйлөнгөндө аркасынан токол албаска ант берген. Куялыны Күлчорого же Сейтекке тий деп үгүттөшсө, кулуңа же балаңа тийип шылдың боло албайм деп ынанбайт. Акыры элдин кызыкчылыгы үчүн Бакай менен Айчүрөк арага түшүшүп, Семетейди көндүрүшөт да Семетей менен Куялы тиги дүйнөлүк, кыяматтык жар болуштук деп, «Кылычтап чырпык кыйышып, Ак буудай данын чайнашып» шерттешишет. Куялы Кайыпчалдын кызы. Кайыпчал мазарга түнөп, кудайдан бала сурап, перинин кызы Көкмончок оюнкуруп, көңүл ачкан жерден ымыркай Куялыны табат. Кызы алтыга чыкканда чоң той берип, баатырларча ат койдуруп жетиге келгенде «Кан шимирип катыгып, кыз арстан атыгып», он үчүндө атасы өлүп, чоң салтанат менен көмөт. Ошондо Сарыбай кол жыйнап келип чаба турган болгондо Сарыбайдын колун кырып, өзүн качырып жиберет. Биротоло жоготуш үчүн Куялы ошондон бери издеп таппай келет. Эми кас душманы бет алдынан чыккан соң Бакай менен Каныкейден бата сурап согушка кирет. Ушу жерде Каныкейдин илгерки көргөн түшү эскерилет: түшүндө кызыр көрүнүп, Семетейдин төрөлөөрү, анын Айчүрөк менен Куялыга үйлөнөрү күн мурунтан белгилүү болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4