Айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмү

Википедия дан

Айыл чарба өндүрүшүнүн түзүмү (ички түзүлүшү) - айыл чарбасындагы өндүрүлө турган продукциялардын (дан, пахта, тамеки, кант кызылчасы, картошка, жашылча, эт, чийки сүт, жумуртка, жүн ж.б.) салыштырма салмагы.

Ал аймактардын климаттык жана жаратылыш жер шарттарына карата аныкталат. Мисалы, Чүйдө эгин, Ошто - пахта, Нарында - эт, сүт, Таласта - тамеки эгүү басымдуулук кылат. Жалпысынан, айыл чарба өндүрүшүнүн азыркы структурасы республиканын жаратылыштык жана экономикалык шарттарына төп келет. Ошондой болсо да айылда менчиктин ар түрдүү формаларынын пайда болуп жаткандыгына жана сатып өткөрүү рынокторунун түзүлүп жаткандыгына байланыштуу анын структурасын түзөтүү зарыл.

Азыркы мезгилде тамеки эгүүнү турукташтыруу, фабрикалык кант кызылчасынын, пахтанын, май өсүмдүктөрүнүн (pane, күн карама, сафлор ж.б.) айдоо аянттарын кеңейтүү, о. э. натыйжалуу жашылча жана жүзүм чарбасын өнүктүрүү өтө рационалдуу болуп эсептелет. Бул өсүмдүктөр калктын иш менен көбүрөөк камсыз болушун жана өндүрүштүн рентабелдүүлүгүн, жер аянтынын бирдигинен дүң азык-түлүктүн жана таза кирешенин арбын алынышын камсыз кылат.

Алсак, дүйнөлүк бааларды эсепке алуу менен 1 гектар тамеки өстүрүү учурундагы пайда дан өсүмдүктөрүн өстүрүп алуудагыдан 11 acere, жашылчалардыкы - 10 эсеге, картошканыкы - 8 эсеге, пахтаныкы - 2 эсеге жогору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9