Акбари Султан

Википедия дан

Акбари Султан (Акбаров Султан Оморович; 1923, Ташкен шаары)— өзбек акыны, публицист. Ташкендеги Низами атындагы педагогика институтунун адабият факультетинде окуп жатып, согушка кеткен. Согуштан кийин «Ленин учкуни» газетасында кызматкер, Каракалпакстанда лектор, областтык «Хорезм хакикати» газетасында бөлүм башчы, «Ёш ленинчи» газетасында жооптуу катчы болуп иштейт. СССР жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн (1953). А. бир нече поэтикалык, публицистикалык китептердин автору, белгилүү котормочу. Ал «Манас» эпосунун 2-китебин өзбек тилине которгон, к. «Манас» (өзбекче).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4