Акдөө

Википедия дан

Акдөө — мифологиялык кейипкер. «Манас» эпосунда , ошондой эле кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында салттык кейипкер катары көп кездешет. Акдөө кейипкердин энчилүү аты катары да колдонула берет. Көпчүлүк чыгармаларда А. Карадөөнүн карама-каршысында, ак санатай дөө катары мүнөздөлөт. «Манаста» эргежээл, итаалы элинин дөөсү делип Бокмурун атасынын ашына чакыртат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99). Ашта Кошой Жолой менен күрөшөрүндө А., Көкдөө менен далай салгылашканын эскертет (Сагымбай Орозбаков, 3. 215). Саякбай Каралаевдин вариантында А. менен Көкдөө Жарманастын элин камап, жети жыл тынымсыз салгылашканы айтылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 269).