Аккуланын чидери

Википедия дан

Аккуланын чидери — Тянь-Шань районун дагы Куланак кыштагынын батыш тарабында, кан жолдун боюнда өсүп турган үч түп байтерек бар. Болжол менен 150—200 жылдан ашык мезгилден бери турат. Бул теректер алыстан караганда ат тушаган чидер түспөлдөшүп тургандыктан эл оозунда А. ч. аталып калган. Азыр ал байтеректердин экөө калып, бирөөнүн качан, кандайча кыйылып ташталгандыгы же куурап жок болгондугу белгисиз.
Тамак бышырып жеген таш тулгалар да ушул мезгилге чейин сакталып калган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4