Акробатика

Wikipedia дан
Aкробатика

Акробатика (грек тилинен akrobates – бутумдун башы менен басам, бийикке чыгам) – 1) гимнастика тибиндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулардын көп сандаган топторун (акробатикалык секирүүлөрдү, аял - эркектин же эки эркектин, эркек тобунун машыгууларын, эркек менен аялдын батутта секирүүлөрүн) бириктирип турган спорттун бир түрү; 3) цирк өнөрүнүн жанры.
А. өнөрү Байыркы Египетте, Грецияда, Римде, Византияда, Кытайда, жапондо белгилүү болгон. Орто кылымдарда А-нын кээ бир элементтерин дарчылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Италияда), жонглёрлор (Францияда) аткарышчу, 18-кылымдын аягынан тартып, А. цирктерде кенен тарала баштайт. А-нын айрым элементтери бүгүнкү күндөгү цирктин бардык жанрларында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеңири колдонулат.

Маалымат булагы: Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Фрунзе, 1976. 128-б.