Актес Нимет Курат

Википедия дан

Актес Нимет Курат (1902-1971 жж) – түрк (Түркия Республикасы) тарыхчысы, тарых илиминдеги изилдеген багыттары абдан кенен болгон. Теги казандык татарлардан. Орто кылымдардагы печенегдердин, Кара Деңиз бойлой жашаган түрк уруулары, андан кийинки Казань жана Астрахань хандыктарынын тарыхы, бул хандыктардын Орус мамлекети тарабынан басылып алынышы (1552-1554 жж.), Россиянын тарыхы, Россия жана Осман империяларынын өз ара мамилелери, Европа мамлекеттеринин тарыхын изилдеген таанымал тарыхчы. Актес Нимет Курат 1902-ж. апрель айында Казань шаарына жакын жайгашкан Беркете айылында туулган. Атасы Тахир Шахмурад, энесинин аты Шакире Ирфан. 1920-ж. Бугульмадагы мектепти бүтүргөн. 1922-ж. окуусун андан ары улантуу үчүн Германияга жөнөйт. 1924-ж. тартып Стамбул университетинен тарых жана философия сабактарын тереңдетип изилдей баштаган. 1925-ж. август айында белгилүү түрк тарыхчысы М.Фуат Көпрүлүнүн колдоосу менен Түркият институтуна ассистент болуп кабыл алынат. Анын негизги милдети институттун китепканасындагы китептерди кайрадан ирээтке келтирүү жана орус, поляк тилдериндеги туркология жаатында жарыяланган макала, китептерди которуу эле. 1928-ж. Стамбулдагы окуусун аяктаган Курат 1929-ж. Германияга жөнөтүлөт. Гамбург жана Бреслау университеттеринде Чыгыш Европанын, Византия тарыхы, философия жана экономика илимдеринен дарс уккан. 1933-ж. Туркияга кайтып келип, орто кылымдар тарыхы боюнча окутуучу болуп кабыл алынат. Курат Швециянын Упсала университетинде дарс окуйт. 1937-ж. Стогольмдагы Мамлекеттик архивге изилдөөлөр жүргүзүү үчүн жөнөп кетет. Ал жакта бир жыл калып, өзүнүн “Прут жүрүшү жана тынчтык келишими” аттуу эмгегине байланыштуу көп маалыматтарды чогултат. Кийин ушундай архивдик изилдөөлөрдү Вена, Париж, Берлин жана Лондондо жүргүзгөн. Түркияга кайтып келгенден кийин Денизли лицейинде, Гази Турбия институтунда иштеген. 1941-ж. Тил жана тарых-географиясында жаңы ачылган орус тили жана адабияты бөлүмүнө доцент болуп дайындалган. 1944-ж. профессорлук илимий наамын алган. 1946-1947-жж. Улуу Британияда, 1961-1962-жж. АКШда бир катар изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 1954-1955-жж. Тил жана тарых-география факультетинде декан милдетин аткарган. 1971-ж. 28-августта Анкара-Стамбул жолунда болгон жол кырсыгынан оор жаракат алып, 8-сентябрда алган жаракатынан айыга албай көз жумган.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Die türkische prosographie bei Leonikas Chalcocondilas (Hamburg, 1933)
  • Çaka Bey: İzmir ve Civarındaki Adaların ilk Türk Beyi (M.S. 1081 - 1096) (İstanbul, 1936, 1945, 1966)
  • Peçenek Tarihi (İstanbul 1937)
  • Kazan Hanlığını Kuran Uluğ Muhammed Hanın Yarlığı (İstanbul, 1937)
  • Topkapı Sarayı Müzesi Arşivindeki Altınordu, Kırım ve Türkistan Hanlarına Ait Yarlık ve Bitikleri İstanbul 1940 İsveç Kralı Kari XII m Hayatı ve Faaliyeti (İstanbul, 1940)
  • İsveç Kral Karl XII m Türkiye'de Kalışı ve Bu Sıralarda Osmanlı İmparatorluğu (İstanbul, 1943)
  • Rusya Tarihi. Başlangıcından 1911'ye Kadar (Ankara, 1948, 1999)
  • Prut Seferi ve Barışı, I-II (Ankara, 1951, 1953)
  • Türk-İngiliz Münasebetlerinin Başlangıcı ve Gelişmesi (1553-1610) (Ankara, 1953)
  • The Despatches of Sir Robert Sutton. Ambassador in Constantinople 1710-1714 (Londra, 1953)
  • Türk Amerikan Münasebetlerine Kısa Bir Bakış (1800-1959) (Ankara, 1959)
  • Başkan Lyndon B. Jonson ve Amerika Birleşik Devletleri Cumhurbaşkanlığı (Ankara, 1964)
  • Türkiye ve İdil Boyu. 1569 Astrahan Seferi, Ten-İdil Kanalı ve XVI-XVIII. Yüzyıl Osmanlı-Rus Münasebetleri (Ankara, 1966)
  • Türkiye ve Rusya: XVIII. Yüzyıl Sonundan Kurtuluş Savaşma Kadar Türk-Rus İlişkileri (1798-1919) (Ankara, 1970)
  • IV-XVII1. Yüzyıllarda Karadeniz Kuzeyindeki Türk Kavimleri ve Devletleri (Ankara, 1972)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015