Акула

Википедия дан
Carcharhinus amblyrhynchos.

Акулалар (лат. Selachodei) - эбелек бакалоорлуу балыктардын чоң түркүмү. Анын 8 түркүмү, 21 тукуму бар. Палеозой эрасынын девон мезгилинин ортосунан тартып белгилүү. Азыркы кездеги көптөгөн топтору мезозой эрасынын жогорку юра жана бор мезгилдеринде пайда болушкан. Денеси узун, сүйрү, ийик сымал, 20-30 смден (кээ бир катран сымал А-дын) 20 мге чейин, салмагы 14 т чейин жетет (алп жана кит акула), кабырчыгы плакоиддик. Бакалоор жылчыктары дайыма 5 (сейрегирээк 6–7), башынын капталдарында жайланышкан. Аналдык сүзгүчү клолаканын жанында, (катран А-да болбойт). Куйрук сүзгүчү күчтүү, гетероцеркалдык типте. Тиштердин арасында көңдөйү жана лакундары бар (ортоденнтиндик). 8 түркүмдүн (түрдүү тиштүү түспөлдүүлөр, көп бакалоорлулар, араа тиш сымалдуулар, катран түспөлдүүлөр, балка баш сымалдуулар жана башка), 21 тукумга (ар түрдүү тиштүүлөр, мүйүздүү акулалар, көп бакалоорлууларга, муруттуу акулалар, кит акулалар алп акулалар, араа тиш акулалар, балка баштуу акулалар жана башка) кирген 85ке жакын уруулары, 250 жакын түрлөрү бар. Деңиз балыктары. Суунун калың катмарында же анын түбүнө жакын 3000 м тереңдикке чейин, кээ бирлери суунун андан да тереңинде учурайт. Жарык берүүчү органдары - фотофорлору бар. Анча-мынчасы Ганга, Амазонка дарыяларынын, Никарагуа көлүнүн тузсуз сууларында жашашат. А-дын көпчүлүгү – жырткычтар, алп (эң эле ириси) акула жана кит акула планктон менен (калкып жүрүүчүлөр) азыктануучулар. Тирүү туучу, кээ бирлери 2ден 100гө чейин жумуртка же жумуртка тирүү тууйт. Бардык океандарда, өзгөчө тропикада көп түрү кездешет. КМШда А-дын 10 түрү Кара деңизде, Баренцов деңизинде жана Ыраакы Чыгыш сууларында кездешет. Түндүк Муз океанынын алабында – уюл акуласы (Somniosus microcpalus); Баренцов деңизинде жана Ыраакы Чыгыш сууларында – сельд А-ы (Lamnasus жана lavna ditropis); Улуу Петр булуңуна жылуу суунун боз (Carcharhinus уруусунан) (Mustelus) уруусунан жана балка баш А-дын (Sphyrnidae уруусунан) кирип келиши белгиленген. А. промыселдик объектилери. Кээ бир түрлөрү кишиге да кол салышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]