Акустикалык электроника

Википедия дан

Акустикалык электроника - радиосигналдарды иштетүү, сактоо менен кайра өзгөртүү жана аларды эсептөө максатында колдонулуучу түзүлүштөр. Серпилгич толкундардын ылдамдыгы жарык ылдамдыгына салыштырмалуу кичине болгондуктан ультра үн менен гипер үн толкундары начар жутулат. Акустикалык электроника түзүлүштөрү сигналды убакыт ичинде жыштыгы жана фазасы бча амплитудасын, татаал сигналды ж. б. өзгөртүп түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай операциялар радиолокацияда, алыскы байланыш техникасында, автоматтык башкаруу системасында, эсептөө машинасында аткарылуусу зарыл. Акустикалык электроникалык ыкмалар кээде өзгөртүп түзүүлөрдү эң жөнөкөй аткарууга мүмкүндүк берсе, кээде мындан башка ыкманы колдонуу мүмкүн эмес. Акустикалык электроника түзүлүштөрүндө жогорку жыштыктагы ультраүн жана гиперүн (10 МГцтен 1,5 ГГцке чейинки), көлөмдүк жана беттик акустикалык толкундар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1