Акын Шадыкан уулу

Википедия дан

Акын Шадыкан уулу (1901, Өзгөн району, Ана-Кызыл айылы —?)— манасчы. А. «Манас» айтканды атасынан үйрөнгөн. Атасы Шадыкан сыяктуу эле ал «Манастын» төрт бөлүмүн («Манас», «Семетей», «Сейтек», «Чийтек») айткан. 1952-ж. анын вариантынын «Манас» бөлүмүнөн Манастын туулушу жана балалык чагы, Манастын кан (башчы) болуп урушка жарап, Кошойго жана Канкожого жолукканы, Манастын мусулмандарга келген калмактарды кууп, эл коргоп кыргыздарды топтогону, Чоң казаттын башталуу себептери, Манастын өлүмү эпизоддорунун кыскача мазмуну жазып алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4