Ак шорпо

Википедия дан

Ак шорпо - сүт кошулган ысык, суюк тамак. Койдун жаш этинин тыштуу кабыргасына аркамоюн, карчыга же сулп эт кошуп, муздак сууга салып, кайнап чыкканда чий көбүгүн калкып салып, тузун кем татытып, 1,5-2 саат отко жай кайнатып, бышырат. Кайнап жатканда улам сапырып турса, шорпосу тунук болот. Бышканда тууралган пиязды салып, мурч, калемпир сээп, сүт куюп, оттон чыгарат. Ак шорпого жупка, жапкан нан кошо берилет. Ак шорпо мүнөз тамак катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1