Ала-Арча курорт зонасы

Википедия дан

Ала-Арча курорт зонасыБишкек шаарынын түштүгүндөгү климаты жагымдуу аймак, шаардын четиндеги эс алуу зонасы шаардан 17–32 км аралыкта, Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы Аларча өрөөнүндө, 1200–2200 м бийиктикте жайгашкан.

Климаты мелүүн континенттик. Кышы жумшак, январдын орт. темп-расы –4°С, жайы мелүүн, жылуу, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммдей, негизинен март – июнь айларында жаайт. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 60%; күн тийүү узактыгы 2600 саат. Жылуу мезгилде тоо-өрөөн шамалы согот. Климаттык шарты ж-а ландшафты климат терапияга, эс алууга ж-а туризмге ыңгайлуу. Мында ден соолукту чыңдап ж-а дарылоочу 14 мекеме (2,4 миң, орундуу), а. и. балдар санаторийи, профилак- торийи, Курортология инст-нун респ. маанидеги калыбына келтирүү үчүн дарылоочу мекеме, «Советтик Кыргызстандын 20 жылдыгы» атн. кардиология санаторийи ж. б., Ташдөбө кыш-нан 2,5 км аралыкта «Чонташ» спорт базасы (мейманканасы м-н), орто бийиктиктеги тоолордо лыжа базалары (Кашкасуу, Оробаши, Кызылбелес ж-а «Аларча» лагери жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2