Ала-айгыр

Википедия дан

Ала-айгыр — кытай-калмак балбаны Канжарколдун жоого минген аты. Эпосто: Астыңдагы Ала айгыр, Жаман күлүк ал айгыр. Жайып ийсем оозунан Куштай учуп кетет — деп, Кутургурду карасаң Кум салынып алыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 65),— деп гиперболалык ыкма аркылуу А.-А-дын эпикалык портрети тартылып, жоокерчилик доордун талабына ылайык күлүктүгү, тулпарлык касиетинин күчтүүлүгү, арыбас-чаалыкпастыгы мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4