Алдын ала орнотулган Гармония

Википедия дан

Алдын ала орнотулган Гармония (орус. Предустановленная гармония) – гармониялуу себеп-натыйжалык байланыштардын, материалдуу жана рухий чөйрөлөрдөгү жалпы ырааттуулуктун Кудай тарабынан алдын ала аныкталып коюлгандыгын моюнга алуу.

Алдына ала орнотулган Гармония тууралуу окуу рухий жана материалдык субстанциялардын дуализмин четке кагууга аракет жасайт. Алдына ала орнотулганнын болушу тууралуу божомолдор Декарттын эмгектеринде кездешип, окказионалисттер (А. Гейклинкс, Мальбранш) тарабынан терең иштелип чыккан. « Алдына ала орнотулган түшүнүгү Лейбниц тарабынан бир аз башкача каралып, автор Ааламдагы бардык монадалардын Алдына ала орнотулган Гармония сы тууралуу окууну иштеп чыккан. Лейбництин пикири боюнча дүйнө жана анда жашаган ар бир жандык өзү үчүн ылайык өнүгөт. Бирок, бул күчтөр Кудай тарабынан жаратылып жана дүйнөдөгү эң мыкты тартипти орнотуу үчүн атайы тандалып алынган.

Лейбництин Алдына ала орнотулган Гармония тууралуу окуусунун айрым жактары Вольф тарабынан абсурддук маанайда өнүктүрүлгөн. Вольфтун ааламдын түбөлүктүү максаты тууралуу ойлору кийин Вольтер тарабынан анын «Кандида» (1759) деп аталган чыгармасында мазакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]