Александрия чиркөөсү

Википедия дан

Александрия чиркөөсү, Православиелик Александрия патриархаты - эң эски автокефалдык (баш ийбеген, өзүн-өзү башкарган), православиелик чиркөөнүн бири. Аны чиркөөнүн салттуу айтымында б. з. 1-кылымынын 30-жылда евангелист жана апостол Марк негиздеген деп ага таандык кылып жүрүшөт. 2-кылымда Александрияда епископтук кафедра иштей баштаган. Чиркөө патриархат (негиздөөчү) статусун башка байыркы чыгыш чиркөөлөрү менен катар эле (Константинополь, Антиох, Иерусалим) Халкидон соборунда (451-ж.) алган. Александрия чиркөөсү башка православиелик чиркөөлөрдүн арасында чоң кадыр-баркка ээ болуп, табынуу салтанатында дүйнөлүк патриархтан кийин экинчи аталчу. 16-кылымда осмон түрктөрү Египетти басып алгандан кийин Александрия чиркөөсүнүн жолдоочулары абдан азайган. Азыркы Александрия чиркөөсү догматика жана культ боюнча башка православиялык чиркөөлөрдөн эч айырмаланбайт. 12-кылымга чейин эле Александриялык ырым-жырымдар Византиялык жөрөлгөлөр менен алмашылган. Кудайга табынуулар грек жана араб тилдеринде жүргүзүлгөн. 1928-ж. Александрия чиркөөсү григоряндык календарды кабыл алган. Александрия чиркөөсүн патриарх башкарып, анын резиденциясы Александрияда жайгашкан. Александрия чиркөөсүнө 1 архиепископия, 14 митрополия, 4 епископия кирет, 1 млндон ашык мүчөсү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]