Алиева Гүлжан Садык кызы

Википедия дан

Алиева Гүлжан Садык кызы Саймачы. 1955-ж. Нарын районундагы Кара-Чий айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондусунда, «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде чебер болуп иштеген. Уз сайма буюмдарынын жердигине кийизди, терини (өңдөлгөн, ышкын туп менен боёлгон), таарды алат. Салттуу көчөттөрдү негиздеп, өзүнүн «жарым кыял оюмдарын» көчөт катары түшүрөт. Көбүнчө чакан туштуктарды жаратат, чет өлкөлөргө, мамлекеттик музейлерге экспонатталууга, сатыкка чыгарууга шартташтырат. Анын четтик көчөтүнө «кочкор мүйүз оюму» менен «бармак боочу оюмун» айкалыштырат. Ал кайра «кочкор мүйүз оюму» карга тырмак оюму» аркылуу уздун учкул кыялынан жаралган «жарым кыял оюму» (көчөтү) - борбордук көчөттөргө айкалышат. Ошондо бири-бири менен жиксиз тутумдашкан төрт-алты табакчалардын араларынан экиден «табакчалар» колтук көчөт катары улана түшөт. Ал мүйүз оюмдарынын сыртынан «кыргак көчөттөрүн» кыркалай түшүрүп, ар бир табакчаларынын ортосунан пайда болгон өзөкчөлөрдү коюу түс аркылуу бери алып чыгат. Мында көк-кызыл өңдөр үстөмдүк кылат. Эгер сайма өзөгү көктөн болсо, четине кызылдан, кызыл келсе четине көктөн түшкөн жээк көчөттөрү ачык көрүнөт. Ал ак жердикке бир эле түстү колдонгон учурлары да бар. Уз ийне сайма менен илме сайманы бирдей колдонот. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1977-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 60 жылдыгына карата «Эл чеберлеринин жана сүрөттү өз алдынча сүйүүчүлөрдүн республикалык көргөзмөсү». Илме сайма туштуктары (панно) үчүн Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Териге, кийизге түшүргөн көркөм көчөттөрү үчүн «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Биринчи даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0