Алиева Калбүбү Садык кызы

Википедия дан

Алиева Калбүбү Садык кызы Бычмачы, тикмечи, саймачы. 1959-ж. Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз (Кара-Чий) айылында төрөлгөн.

Бүтпөгөн Орто билимдүү. 1985-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Филармониясынын улуттук кийим-кечектерди бычып-тигүүчү чеберканасында узданат. Уздук нусканы алгач эжеси Гүл-жан Садыковадан, андан кийин театрды жасалгалоо чеберлери Шаршеева Минара менен Куралова Марапаттардан алган. Калбүбү чепкен, чапан, кемсел, чыптама, кош этек, шым тигет. Аларга үлгү боюнча көркөм көчөттөрдү түшүрөт. Өзүнүн бычып-тиккен шөкүлө, тебетей, элечек, такыя топулары, аларга түшүрүлгөн көркөм көчөттөрү өз нускоочуларынын жасаган буюмдарына үндөшөт. Кыргыз Республикасынын эл артисттери Дарика Жалгасынованын, Саламат Садыкованын, артисттер Тамара Исабекова, Гүлзат Батырканова, Лира Раимбековалардын баш кийимдери Калбүбүнүн узчулугуна таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0