Алмамбеттин Көкчөгө келгени, казак билермандарынын кастыгы

Википедия дан

Алмамбеттин Көкчөгө келгени, казак билермандарынын кастыгы бардык варианттарда негизинен бир планда айтылуучу кеңири белгилүү сюжеттердин бири. Алмамбет менен кубанып көрүшкөн Көкчө аны ээрчитип элине кайтат. Көкчөнүн эстүү аялы Акеркеч Алмамбеттин көңүлүн көтөрүү үчүн ага өзгөчө урмат көрсөтүп тосуп алат. Көкчө мен турсам Алмамбеттин атын алат, чыныны ага биринчи сунат деп күнүлөп ичи тарыйт. Алмамбет элге бат алынып, өзүнүн калыстыгы, адилдиги менен атагы чыгып, кадыр-баркы көтөрүлөт. Арыз-муңу барлар бүт ага кайрылышат. Муну көрө алышпаган казак билермандары Акеркеч менен Алмамбеттин көңүлү жакын деп ушак таратышат, атайылап мас кылып, ала көөдөн Көкчөнү көкүтүп, ага Алмамбетти жамандашат. Мастык менен Көкчө Алмамбетти кеткин деп катуу сөз айтып, көңүлүн калтырат. Ыза болгон Алмамбет элсиздигине, жалгыздыгына арман кылып, аттанып чыгып, бет алган жагына жол тартат.

Радлов жазып алган вариантта көптөгөн майда деталдарына чейин Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Саякбай Каралаевдин  варианты боюнча турарына жай, тутунарга баркын билер өзү теңдүү эр издеп, жер кезип жүргөн Алмамбет Көкчөгө учурап, аны менен достошуп, алты жыл кызматын кылат. Ушакка ишенген Көкчөдөн көңүлү калган Алмамбет аттанып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4