Алтын экономикада

Википедия дан

Алтын экономикада - бөтөнчө товар. Ал бир тектүүлүгү, оңой бөлүнүшү, дат баспаганы, урунууга ыңгайлуулугу сыяктуу табигый касиетинен улам жалпы эквиваленттин, башкача айтканда акчанын ролун аткарууга эң оңтойлуу келет. Ал керектөө наркы аркылуу башка бардык товардын наркын жана ченин көрсөтө алат. Алтын тыйын чыгаруу үчүн колдонулат же уюлтулган түрүндө алтын запасы катары сакталат. Дүйнөлүк рыноктун пайда болушу алтынды дүйнөлүк акчага айландырды. Алтын нарк чени катары өз кызматын мамлекеттик банк банкноттору аркылуу аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]