Алымсабак

Википедия дан

Алымсабак - кандайдыр бир темада, ыкмада, бир багытта акындардын биринин оюн экинчиси улап, коштоп айтышы. Алымсабак айтыштын татаал түрүнө кирет. Айтышуунун бардык ыкмасы, түркүмдөрү кездешип, бүткүл айтышты тутумдап турат. Мында ырчы өзалдынча эркин ырдабастан, айтышты баштаган ырчынын оюн улантып, логикасын, атүгүл ырынын уйкаштыгын бузбай, улам тереңдетип, күчөтүп, кульминациялык чегине жеткизе, атаандашынан калышпай айтышуусу керек. Алымсабак эки, үч, кээде бир топ ырчылардын катышуусу менен өткөндүктөн, ойду улам жаңылап, корутундулап туруу кийинки ырчыларга жүктөлөт. Алымсабакта ырчылардын саны чектелбейт, ырлары да ар кылка (бир сап, эки сап, төрт сап, кээси узак) келип, көбүнчө ырчылардын чеберчилигине, ошол учурдагы жагдайга шартталат. Кыргыз акындар поэзиясында алымсабактын көрүнүктүү чеберлери: Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Жаңыбай, Кара Курман, Калык, Барпы, Коргол, Осмонкул, Алымкул ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]