Аманбаев, Бактыбек Абдилашимович

Википедия дан

Аманбаев, Бактыбек Абдилашимович - (1969-ж.т.) - 2013-ж. октябрь айында КРнын Акыйкатчысы.

  • 1996-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
  • 1998-ж. КРнын Президентинин алдындагы Бишкек шаардык бизнес жана менеджмент эл аралык мектебин аяктаган.
  • 2000-ж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин «Саясат таануу» боюнча аспирантурасын бүтүргөн.
  • 2010-ж. КР ТИМдин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
  • 2012-ж. июнь-декабрь айлары Кеннеди университетинде (Джоржия штаты, АКШ) даярдоодон өткөн. Эмгек ишмердүүлүгү - котормочу (англис тилинен орус жана кыргыз тилине).
  • 2000-2004-жж. КР ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатынын ага кеңешчиси. Ушул эле мезгилде «Азаттык» үналгысынын башкы офисинде (Прагада) корреспондент болуп эмгектенген.
  • 2005-2007-жж. КРнын Улуттук теле-радио корпорациясынын жарнамалык-коммерциялык агенттигинин директору.
  • 2008-2010-жж. КМУУнун саясат таануу боюнча ага окутуучусу.
  • 2010-ж. Ош шаарынын вице-мэри.
  • 2010-2011-жж. «Саясат пресс» газетасынын башкы редактору.
  • 2011-2012-жж. КР ЖКнын пресс-кызматынын жетекчиси.
  • 2013-ж. март айында «Айыл деми» газетасынын башкы редактору.
  • 2015-ж. 26-июнда Жогорку Кеңеш А-ге ишеним көрсөтпөө тууралуу СДПК, Ар-Намыс, Ата-Мекен фракцияларынын сунушун кабыл алды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8