Амер-Сахалин өлкөсү

Википедия дан

Амер-Сахалин өлкөсү – Ыраакы Чыгыштагы физикалык-географиялык өлкө; Амур бою тоолору (ойдуңдары менен), Приморьени Сихотэ-Алинь жана анын батышында жайгашкан түздүктөрү менен кошо, Сахалин аралын, Шантар аралын камтыйт. Анын батыш чегарасы Зея жана Олёкма дарыя алаптарынын суу бөлгүчтөрү, түндүгү Становой кырка тоосунун этеги, түштүгү Россиянын чегарасы, чыгышы Япон деңизи, Лаперуза кысыгы жана Охот деңизи аркылуу өтөт. Амур-Сахалин өлкөсүнүн өзгөчөлүгүн эрозия-денудациялык орто бийик, жапыз тоолор жана аларды бөлүп жаткан тоо аралык депрессиялар түзөт. Тоолор өлкөнүн аянтынын 80%ин ээлеп, негизинен субмеридиан жана кеңдик багыттарда созулуп жатат. Түндүк орографиялык чегин Янкин, Тукурингра, Соктохан, Жагда, Селемжа жана башка кыркатоолор түзөт. Турана, Бурея, Сихотэ-Алинь, Батыш Сахалин жана Чыгыш Сахалин кыркатоолору түндүк-чыгыш жана меридиан багыттарында созулуп жатат. Тоо системаларынын аралыктарында көтөрүңкү түздүктөр (Амур-Зея, Зея-Бурея), Амур жана Уссури дарыясынын өрөөндөрүндө аллювий жана көл-аллювий түздүктөрү жайгашкан. Климаты муссондук-нымдуу, мелүүн-жылуу. Карагайлуу жана күңүрт ийне жалбырактуу токойлуу тайга ландшафты үстөмдүк кылат. «Марь» деп аталган куурап бараткан кара карагайлуу саздар кыйла аянтты ээлейт. Тоо кыркаларында жапалак кедр жана «гольцтор» мүнөздүү. СихотэАлинь тоолорунун төмөнкү ярустарын, Амур боюнун түштүгүн, Сахалиндин түштүк-батышын Ы. Чыгышка мүнөздүү өзгөчө ийне-жазы жалбырактуу жана жазы жалбырактуу токой ээлейт (алар түздүктөрдө негизинен кыйылып жок болгон).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]