Ампир

Wikipedia дан

Ампир (французча  empire – империя) – Европа өлкөлөрүндөгү архитектура, жасалга-колдонмо жана көркөм сүрөт  искусствосундагы  стиль, классицизм эволюциясынын жыйынтыктоочу фазасы. А-дин чыгармачыл ой жүгүртүүсү менен эргүүсүнүн негизги булактары – бул Байыркы Греция архаикасынын көркөм искусствосу менен императордук Римдин көркөм искусствосу, ошондой эле Байыркы Египет маданияты. Байыркы антик дүйнөсүнөн А. бир жагынан монументалдуулук менен лаконизмди, экинчи жагынан көптөгөн атрибут жана символдор аркылуу империялык шаңдуулукту бекемдеген идеяларды алган. А. архитектурасында көлөм геометризми менен дубалдын жылмакайлыгын билдирген, дорида жана тоскан ордерлеринин массивдүү (көлөмдүү) портиктери кеңири тараган, ал эми имараттардын жасалгасы (декору) көп учурда келип чыгышы менен негизинен Римге таандык аскердик атрибутикага (геральдикалык бүркүттөр, венок, соот-шайман, ликтордук тизмектер ж. б.) жык толгон. Байыркы Египет көркөм искусствосунун пластикалык өзгөчөлүктөрү А. усталарына пилон менен колонналардын көлөмдүүлүгүн, имараттардын бүтүн көлөмдүү геометриялык тууралыгын, дубалдардын майда бөлүкчөлөргө бөлүнбөгөн, чоң үстүңкү беттерин пайдаланууга түрткү берген. А. усталары ошондой эле сфинксти сүрөттөөгө негизги орун берилген байыркы Египеттик жана орнамент менен символдорго кайрылышкан. Ошону менен бирге А-дик форма түзүү структурасында кээ бир жаңылыктар байкалат. Буга имараттардын (фасадынын) бет маңдайынын шаарга ылайык ролун күчөтүү, дубалды чоң көлөмдүн кырлары катары гана эмес, ошондой эле ансамблдин гармониялуулугу менен симметриялуулугун камсыз кылган жалпак тосмо катары да пайдалануу кирет (мис., Санкт-Петербургдагы Башкы штабдын имаратынын аркасы жана анын Мойка көчөсүндөгү бурчу. 1819–1829, архитектор К. И. Росси). А. архитектурада XVIII–XIX к-дар чегинде, Францияда, улуу француз рев-ясынын доорундагы чебер усталар менен Клод-Никола Ледунун долбоорлорунда калыптанган. Андан сырткары А. Байыркы Рим жана Египет жасалгаларына окшош, кара-күрөң жыгач менен алтын жалатылган коло жасалганын айкалышып, эмерек жасоодо (Францияда Франсуа Жакобдун буюмдары, Россияда К. И. Росси, А. Н. Воронихиндин долбоорлору б-ча жасалган эмеректе) көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]