Мазмунга өтүү

Андарбеков Жээнбек

Википедия дан

Андарбеков Жээнбек (7. 11. 1952-ж. туулган, Жайыл району, Ак-Башат кыштагы) - техника илимдеринин кандидаты (1986), доцент, 1971-73-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

  • 1973-ж. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунун даярдоо курсун жана айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн (1979).
  • Ал 1976-ж. Москва шаарында өткөн Бүткүл союздук физика боюнча олимпиадага катышып, лауреат болгон.
  • 1979-ж. ушул эле окуу жайда мал чарбасын механизациялоо кафедрасында ассистент, 1980-83-жылдары Россиядагы Ставрополь айыл чарба институтунда аспирант.
  • 1985-86-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда айыл чарбасын механизациялоо факультетинде декан,
  • 1986-ж. Москвадагы Грячкина атындагы айыл чарба ин-женерлер институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган.
  • 1986-88-жылдары айыл чарба институтунда жаш окумуштуулар коомунун төрагасы, 1989-95-жылдары кафедра башчысы, 1996-98-жылдары декан болуп эмгектенген.
  • 1999-жылдан кайрадан ушул эле институтта кафедры башчысы болуп иштейт.
  • Москва, Киев, Ленинград шаарларындагы айыл чарба институттарынан квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп келген.
  • Ал 45 илимий макаланын, 12 методикалык көрсөтмөнүн, 2 окуу куралдын жана 1 ойлоп табуунун автору.
  • Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9