Андреев Иван Григорьевич

Википедия дан

Андреев Иван Григорьевич (1744 – 1824) – орус армиясынын майору, орус аскер чалгынчысы. Сибирлик дворяндын үй бүлөсүндө туулган. 1757-ж. Олнецк драгун полкуна кызмат өтөөгө кирип, Иртыш, Семипалатинск ж.б. чек ара чыңдоолорунда кызмат өтөйт. 1779-ж. майор аскердик чини менен отставкага чыгарылган. И.Андреевдин аскердик кызматы Сибирь чек ара чыңдоолорунда өткөндүктөн, жергиликтүү кошуна казактардын жашоосу, турмуш-тиричилиги менен жакындан тааныш болгон. Кызмат шартына ылайык казактардын арасында узак убакыт бою болууга туура келген, казактардын жашоо шарттарын, каада-салттарын изилдеп үйрөнгөн. Ошол эле учурда И.В.Андреев казак тилин да мыкты өздөштүргөн. 1774-ж. Сибирь линиясынын башкы зардалына (чек ара кызмат жетекчиси) орус-казак сөздүгүн түзүүгө жардам берген. 1782-ж. казак султаны Абульфеистин суранычы менен Чыгыш-Казакстанда жашаган наймандардын уруулук курамы, теги, Орто жүздөрдүн (Орто жүз - казактардагы уруулук топтордунун биринин аталышы) аристократиялык топторунун келип чыгышын изилдөө боюнча “жашыруун миссиясын” аткарган. 1785-ж. Тюмень, Тобольск, Семипалатинск, Петропавловск жана Омск шаарларынын архивдеринде иштейт. Жыйналган материалдардын негизинде өзүнүн капиталдык эмгеги болгон - “Описание Средней орды киргиз-кайсаков» китебин чыгарган. Бул китептин айрым бөлүктөрү 1795-1796 жж. Санкт-Петербургда жарыяланган эле. И. Андреевдин изилдөөлөрү 18-к. экинчи жарымындагы казактардын (Орто жүз казактары) этникалык тарыхы, уруулук курамы, таралуусу, маданияты, диний ишенимдери боюнча баалуу булак катары кызмат кылат.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Описание Средней орды киргиз-кайсаков, с касающимися до сего народа, також и прилегающей к российской границе по части Колыванской и Тобольской губерний крепостей дополнениями//Новые ежемесячные сочинения. – СПб., 1795–1796, ч. CXV–CXVIII; Описание киргиз-кайсаков [рукопись] // АРГО. Разр. 61. Оп. 1. Д. 14.; Домовая летопись Андреева, по роду их писанная капитаном Иваном Андреевым в 1789 г. Начата в Семипалатинске // Андреев И. Г. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. – Алматы, 1998. – С. 119–229.

Адабияттар жана булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Послужной список Андреева И. Г. // РГВИА. Ф. 489. Оп. 1. Д. 6197. Л. 141 об.–142; Сибирский дворянин прошлого столетия («Домовая летопись Андреева») // Сибирский Вестник. – 1867. – № 8; Потанин Г. Н. О рукописи капитана Андреева о Средней Киргизской орде, писанной в 1785 году // Географические известия. – 1875. – Т. IX. – Вып. 2. – С. 109–112; Ерофеева И. В. Из истории изучения казахского народа в России в XVIII в. (Труды И. Г. Андреева) // Вопросы социально-экономической истории дореволюционного Казахстана. – Алма-Ата, 1978; Вибе. Омский историко-краеведческий словарь. – С. 9–10; Юрасова М. К. «Домовая летопись» инженерного капитана Ивана Андреева // Известия Омского государственного историко-краеведческого музея. – Омск, 1997. – № 5; Ерофеева И. От составителя // И. Г. Андреев. Описание Средней орды киргиз-кайсаков. – Алматы, 1998. – С. 5–22.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015