Андрианов Кузьма Андрианович

Википедия дан

Андрианов Кузьма Андрианович [15 (28). 12. 1904, Твер губерниясы, Кондраково айылы - 13. 3. 1978 Москва] - орус химиги, СССР ИАнын академиги (1964; мүчө-корреспондент 1953). Социалдык Эмгектин Баатыры (1969). Москвадагы энергетика институтунун профессору (1946). Москва университетин бүткөндөн кийин (1930), Бүткүл союздук электр техника институтунда (1929-54), Бүткүл союздук авиациялык материалдар институтунда (1946-53), СССР ИАнын элементорг. бирикмелер институтунда (1954-жылдан) жана Москвадагы кылдат химия технология институтунда иштеген. Анын негизги эмгеги кремний органикалык бирикмелердин химиясына жана синтездөөгө арналган. Ал органикалык эмес чынжырлуу молекуласы бар жаңы полимерлерди, кремний тетрохлоридин синтездөөнүн өнөр жайлык методун жана полиорганикалык металл силоксандарды (1947) синтездөөнүн негизги жолун иштеп чыккан. Андрианов СССР Мамлекеттик (1943, 1946, 1950, 1953) жана Ленин сыйлыгынын (1962) лауреаты. Эмгектери: Высокомолекулярные кремнийорганические соединения. М., 1949. Кремнийорганические соединения. М., 1955. Полимеры с неорганическими главными цепями молекул. М., 1962.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1