Анкилоз

Википедия дан

Анкилоз (греч. ankýlosis, греч. ankýlos — ийилүү) — эки сөөктүн муун баштарынын бири бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз (сенек) абал.

Негизги себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги себептерди муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши (мисалы, сөөк жана муун туберкулёзу же кулгунасы), сөөк учтарынын травмадан бузулушу. Анкилоздо муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Ал процесстин жайылышына жараша муунду толук каптаган жана чектелген болуп бөлүнөт. Буту-колдун Анкилозунда кол же бут сунулган боюнча же иштөөгө ылайыксыз ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат.

Анкилозду алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анкилозду алдын алууда анын пайда болушуна жол бербөө үчүн ар кандай кокустукка жана сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо менен бирге курорт, санаторийлерде дарылануу, физкультура сунуш кылынат. Анкилоздун кээ бир түрүн хирургиялык операция менен дарыласа болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1