Аноддук эрүү

Википедия дан

Аноддук эрүү – металлдын теңдештик электроддук потенциалынан оң багытка жылганда эрүүчү продуктуларды пайда кылуу менен жүрүүчү электрохим, окистенүү процесси . Аноддук эрүүнүн ылдамдыгы электроддук потенциал менен аныкталат жана чөйрөнүн темп-расына, компоненттер жаратылыщына жана концентрациясына, көз каранды. Потенциал оң багытка жылган сайын аноддук эрүү ылдамдыгы жогорулайт. Ар түрдүү өзгөрүлмө окистенүү даражасына ээ болгон катиондор пайда кылууга жөндөмдүү металлдар аноддук эрүүсү көп баскычтагы окистенүү аркылуу жүрөт. Аноддук эрүүдө металл бетинде пассивдүү катмардын пайда болушу ыктымал, бул учурда аноддук эрүү пассивация аркылуу жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]