Антибиотиктер

Wikipedia дан

Антибиотиктер (греч. ἀντί — каршы + βίος — жашоо) — өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдер пайда кылуучу жана микробдорду өлтүрүүчү же анын өсүшүнө, көбөйүшүнө тоскоолдук кылуучу заттар.

Антибиотиктер[оңдоо]

Антибиотиктер кишини, айбандарды жана өсүмдүктөрдү жабыркатуучу микробдордун, бактериялардын, козу карындардын, кээ бир вирустардын айрым түрүн өлтүрсө, айрымдарынын өсүшүн токтотот. 20-кылымдын 40-жылдарында медициналык практикага кеңири киргизилген.

Антибиотиктердин ачылышы[оңдоо]

Антибиотиктердин ачылышы менен микробдор пайда кылган оорулардын дээрлик баарын дарылоого мүмкүн болуп калды. Бирок Антибиотиктерди универсалдуу дары катары колдонуу жарабайт, анткени алардын ар бири белгилүү микробдорго гана таасир этет. Мисалы, пенициллин ириңдетүүчү микробдор пайда кылган ооруларга (өпкөнүн сезгениши, сепсис, теринин ириңдүү жабыркоосунда, ангина жана башка) таасир этет, ал эми туберкулёз жана дизентерия таякчаларына таасир этпейт; левомицетин, тетрациклин — ичеги инфекциясында; нистатин, леворин айрым козу карын (грибок) ооруларында жана башка жакшы натыйжа берет.

Вирус оорулары[оңдоо]

Вирус оорулары (грипп, вирустуу гепатит жана башка) Антибиотиктерден айыкпайт. Антибиотиктер натыйжалуу дары болуу менен оорулуу организмге тескери таасир бериши да мүмкүн. Мисалы, стрептомицин, канамицин менен неомицин угууну начарлатат жана тең салмак органынын ишин бузат, левомицетиндин таасиринен кээ бир оорулууларда кан өзгөрөт, тетрациклин боордун функциясын бузат.

Антибиотиктерди колдонуу[оңдоо]

Айрым кишилерде Антибиотиктерди колдонуу, өзгөчө пенициллин дары аллергиясын пайда кылат. Узак убакыт жана иретсиз өзүнчө дарылануудан дары аллергиясы өнөкөт түргө өтөт. Кээде пенициллинди же башка Антибиотиктерди аз өлчөмдө кайталап колдонуу өмүргө коркунучтуу шок (к. Анафилаксия) туудурушу мүмкүн. Ошондой эле антибиотиктерди кээ бир учурларда колдонуу жарабайт. Мисалы, левомицетинди — кош бойлуу мезгилде, экзема, теринин грибок жана башка ооруларында, мономицинди бөйрөктүн жана боордун кээ бир ооруларында колдонууга болбойт. Антибиотиктерди врачтын көзөмөлүсүз, баш аламан кабыл алуу да түрдүү коркунучтуу натыйжа берет. Дарыны өтө аз дозада ичүү же эрте токтотуп коюудан организмдеги оору козгогучтар эс алып, башкача айтканда бул дарыга көнүгүп, ага туруктуулук пайда болот. Мунун натыйжасында оору өнөкөткө өтөт. Тескерисинче, Антибиотиктерди узак убакыт пайдалануу кандидамикоз оорусун пайда кылат. Ошондуктан Антибиотиктерди врачтын көрсөтмөсү боюнча гана пайдалануу керек.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8