Антимилитаризм

Википедия дан
Антимилитаристтердин демонстрациясы. Улуу Британия, 1994.

Антимилитаризм (гр. anti- каршы, militaris – согуш) – улуттук, регионалдык, дүйнөлүк масштабда, мамлекеттердин ортосундагы ички жана тышкы карама-каршылыктарды чечүүдө зордук-зомбулук жоболорун колдонууга каршы идеянын тегерегинде бириккен ар түрдүү социалдык күчтөрдүн саясий кыймылы. Э. Роттердамский өзүнүн «Жалобы мира» трактатында, И. Кант «О вечном мире» трактатында согуш жана милитаризмди ашкерелешкен. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде, өзгөчө «кансыз согуштун аякташы» менен антимилитаризм күч алып, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. СССРдин жоюлушу, социалисттик жана капиталисттик согуш системаларынын атаандаштыгы, жарыша куралдануусу токтогондон баштап, дүйнөлүк масштабда согушту болтурбай коюу аракети күч алып, антимилитаризмдин өнүгүшүнүн жаңы этабы башталды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9